Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Москва районунда акыркы үч күн ичинде жолдон чыга калган желмаяндардын катышуусунда эки жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы райондук жол тескөөчүлөр менен биргеликте рейд өткөрүүдө.
«ОИИББ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо максатында рейддик иш-чара өткөрүүдө. Анда жол эрежесин бузган электросамокат, скутер, жана мотороллердин (муравей) айдоочуларына карата Укук бузуулар кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айып пул салынып, ал эми тиешелүү документтери жок мотороллерлор айып короо жайына токтотулууда. Ошондой эле айдоочулардын жоопкерчилиги каралып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», – деди ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы.
Ал эми Москва районунда жүргүзүлгөн рейдде 3 күндө (6-8-май) 2 жол кырсыгы катталып, 117 айдоочуга айып пул салынып, 22 унаа айып короо жайына киргизилди.
«Учурда район аймагынын жашоочулары талаа жумуштарына жана башка күндөлүк жашоо тиричилигинде электромобилдүү унааларды көп колдонууда. Албетте, мындай жагдайга эч кимдин каршылыгы жок. Бирок жол эрежесин так сактабаган желмаяндар жолдон чыга калып, кооптуулукту жаратууда. Мындай көрүнүш өзгөчө Александровка, Садовый айылдарында көп кездешүүдө. Биз айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», – деди Москва райондук жол тескөөчүлөр.
192-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу
1. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, – эскертүүгө же жеке жактарга 10 (1000 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
