Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинети тарабынан 2025-жылдын 31-мартындагы ““Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” документке өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом кабыл алынды. Бул тууралуу 12-майда Министрлер кабинети билдирди.
Жаңы токтом Кыргыз Республикасына цемент ташууга убактылуу тыюу салууну жокко чыгарат.
“Бул чечим курулуш материалдарына болгон суроо-талапты канааттандырууга жана курулуш аянтчаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.
Цемент ташууга убактылуу тыюу салууну алып салуу рынокто атаандаштыкты колдоого, тартыштыкты болтурбоого жана курулуш материалдарынын бааларын турукташтырууга мүмкүндүк берет”, – деп айтылат расмий маалыматта.
Буга чейин Кыргызстанда, айрыкча республиканын түндүгүндө цемент рыногунда баанын өсүшү байкалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
