Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 11-майда Токмок шаарына жакын жердеги Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борбору, аталган жол кырсыктан улам 2 адамды 17:30 чамасында алып келишкендигин билдирди.
«Жабыркагандардын бири 1994-жылы туулган Н.А.А. Анын кабырлары сынып, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. 2000-жылы туулган П.А.П.ны сыныктар бөлүмүнө жаткырышкан. Анын бутунан жаракат алган», – деп айтылат маалыматта.
Ал эми Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык кечээ саат 16:51 чамасында Токмок шаарынын Парковая көчөсү менен Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун кесилишинде болгон.
«Анда 1996-жылы туулган Х.Ф. аттуу жаран өзүнүн оор жүк ташуучу «ЗИЛ» унаасы менен Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунунун 71-чакырымында күн чыгыштан күн батышты көздөй кетип бара жатканда 2000-жылы туулган П.А. айдап келе жаткан оор жүк ташуучу «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү унаасы менен артынан сүзгөн. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенц Атего» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсүн ооруканага жеткирилген», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
