Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди. Ал тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 12-майда билдирди.
Мындай тартиптик жазага министр жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы негиз болгон.
Бообек Ажикеев
11-майда социалдык тармактарда аскерлерди шылдыңдоо фактысы тартылган видео тараган. Аскер прокуратурасы билдиргендей, окуя ӨКМдин 86123-аскердик бөлүгүндө болгон.
Аскер кызматчысына карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча аскердик бөлүктүн офицерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иштерин Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. Шектүүлөр Аскер прокуратурасына жеткирилди.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя 2025-жылдын февраль айында болгонун билдирди.
Б.Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
