Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады.
Маалым болгондой, Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын билдирип, анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун жаркын үлгүсү экенин белгиледи. Төрага Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин кошумчалады.
«Президенттин, Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан ушул тарыхый окуяга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз! Сиздин ийгилигиңиз – кыргызстандыктардын кандай гана бийиктик болбосун ага жетүү мүмкүнчүлүгүн көрсөттү, бул кандай гана адам болбосун, ар бир адам үчүн шыктандыруучу үлгү. Бул биздин өлкөбүз үчүн чоң сыймыктануу сезимин жаратат», – деген ал.
Асел Байбагышева А.Касымалиевдин жылуу сөздөрү жана анын жетишкендигин жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Эверестте Кыргызстандын атынан чыгууда өзгөчө жоопкерчиликти сезгенин белгиледи.
Асел Байбагышева Эверест тоосун багындырган биринчи жана жалгыз кыргызстандык альпинист-аял. Ал 2025-жылдын 11-майында Кыргызстандын желегин желбиретип Эвересттин чокусуна ийгиликтүү чыгып, 2025-жылдын 12-майында базалык лагерге аман-эсен кайтып барган. Асел Байбагышева багындырган чокулардын арасында Ленин чокусу (7134 м), Хан-Теңири (7010 м), Жеңиш чокусу (7439 м), Эльбрус (5642 м) бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
