Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 12-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон «Альфа» атайын даярдыктагы аскерлеринин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү.
«Альфа» антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2006-жылдын 12-майында антитеррордук бөлүм алгачкы жоокерлерин жоготкон.
Баатырлардын элесин эскерүүгө атайын бөлүмдүн ардагерлери, алардын үй-бүлөлөрү, достору жана жакындары, ошондой эле аскердик-патриоттук клубдардын тарбиялануучулары келишти.
Гүлчамбар коюп, бир мүнөт эскергенден кийин чогулгандардын алдында курман болгондордун кызматташтары жана туугандары сөз сүйлөштү.
Кызмат өтөө жылдарында УКМКнын «Альфа» атайын даярдыктагы аскерлери 5 жоокеринен айрылды:
– Лейтенант Бакиров Кыялбек Гуламкадырович
1983-жылы 10-июнда туулган, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну. 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районунда атайын антитеррордук операция учурунда курман болгон. «Эрдик» ордени менен сыйланган.
– Полковник Осконалиев Абдрашит Алымбекович
1959-жылы 17-июнда туулган, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну. 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районунда атайын антитеррордук операция учурунда курман болгон. «Манас» II даражадагы орден менен сыйланган.
– Лейтенант Маманов Гапар Кылычбекович
1982-жылы 26-июнда туулган, Бишкек шаарынын тургуну. 2009-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында атайын антитеррордук операция учурунда курман болгон. «Манас» III даражадагы орден менен сыйланган.
– Лейтенант Бабараимов Жеңишбек Ташболтаевич
1980-жылы 27-февралда туулган, Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылынын тургуну. 2011-жылдын 5-январында Чүй облусунун Аламүдүн районунда атайын антитеррордук операция учурунда курман болгон. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.
– Полковник Ниязбеков Үсөнбек Ниязбекович
1972-жылы 8-июлда туулган, Ош облусунун Ноокат районунун Бел-Орук айылынын тургуну. 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында атайын операция учурунда курман болгон. «Эрдик» медалы менен сыйланган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
