Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жол кырсыгынан жабыркаган бала реанимациядан палатага которулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдар ооруканасынан билдиришти.
Медиктердин айтымында, баланын абалы туруктуу. Анын денесинде түрдүү сыныктар бар, мээси чайкалган. Абалы турукташкандан кийин ага операция жасалат.
Окуя 10-май күнү кечинде Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, унаанын айдоочусу 22 жаштагы кыз болгон. Ал унаасын арты менен токтоткон жеринен чыгарып бара жатып, жолдо ойноп жаткан эки баланы байкабай калган, Кырсыктан бир бала качууга үлгүрсө, экинчиси — 2016-жылы туулган жаш бала унаанын алдында калган.
Ал көптөгөн жаракаттары менен 3-балдар ооруканасынын реанимациясына жеткирилген.
Окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө, унаа айып короосуна киргизилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
