Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте 9-майдан тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.
Бул тилкеде жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн жана унаа токтотуучу жай куруу иштери жүргүзүлөт. Иштер 5-8 айга созулат.
Мындан тышкары, Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин жана Шопоков көчөсү Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин убактылуу эки тараптуу болду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
