Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 12-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов («Ынтымак») шаардык кеңештин сессиясында Бишкекте жолдорду оңдоп-түзөөгө жабууда картаны иштеп чыгуу, альтернативдүү жолдорду караштыруу жана Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерин тартууну сунуштады.
Ал жол оңдоо колдоого алынарын, бирок реконструкциялоодон улам шаар тургундары ыңгайсыздыктарга туш болуп жатышканын айтты.
«Жолдор капиталдык оңдоого жабылганда системалуу иш жок, альтернативдүү жолдор каралган эмес, ошондуктан сааттар бою созулган тыгындар пайда болууда. Жол кыймылын жөнгө салууга кайгуулчулар тартылган эмес, шаарда масштабдуу оңдоо иштери жүрүп жатканда алар эртеден кечке чейин иштеши керек, өзгөчө тыгын убагында аларды көрүүгө мүмкүн эмес», – деди К. Эргешов.
Буга чейин вице-мэр Жамалбек Ырсалиев учурда Бишкекте 8 ири көчө реконструкциядан өтүп жатканын билдирген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
