Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Нарында мугалим Шеримбекова Арзыгүл Шарабидиновна дүйнөдөн кайтты.
Арзыгүл Шеримбекова 1963-жылы 9-январда Нарын шаарында туулган.
1970-жылдан 1980-жылга чейин Нарын шаарындагы С.Киров атындагы орто мектепте билим алган. Аны аяктагандан кийин ар кандай жумуштарда иштеген.
1982-жылы ошондогу Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетине өткөн. Аталган окуу жайды 1987-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш орто мектебинде педагогогикалык ишмердүүлүгүн баштаган. Кийинчерээк №10 Жапар Чолпонбаев атындагы билим уясына которулуп, өз кесибин уланткан.
Ошол мезгил аралыгында ал «Кыргыз мектептеринде орус тилин жана адабиятын окутуу» китебин жазган. Учурда мектептерде методикалык адабият катары колдонулууда.
2013-жылы Нарын районунун Учкун айылындагы орто мектептин директорлугуна дайындалып, 2018-жылга чейин эмгектенген.
2020-жылы кайрадан Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш атындагы орто мектепте социалдык педагог катары эмгектенген.
2022-жылы Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак мектебинин директорлугуна жарыяланган сынактын жеңүүчүсү катары ушул билим очогуна директорлук кызматка дайындалып, өмүрүнүн акырына дейре иштеди.
Бул мезгилдин аралыгында ал билим берүүнүн сапатын көтөрүү менен бирдикте окуу жайдын келбетин жана айланасын жакшыртууга өзгөчө басым жасады. Анын мындай мээнети кайтып, азыр жатак мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
