Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ 12-май күнү Ак-Талаа районунда болгон жер титирөөдөн улам 4 айылдагы айрым үйлөр жаракалар кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 12-май күнү болжол менен саат 12:38 чамасында Жаны-Талап айыл аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, жыйынтыгында Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кадыралы, Кара-Ой, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылында бир нече тургундардын үйлөрүнөн жана 3 мектептин дубалдарынан жарака кеткендиги айтылып жатат.
Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Съезбек Мыктыбеков учурда айылдарды кыдырып, жер титирөөдөн улам жабыр тарткан үйлөрдү тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кыдырып жүрүшкөндүгүн айтты.
«Баарына белгилүү болгондой, кечээ күнү 2 жолу удаа-удаа жер титирөө болуп өттү. Биринчиси эртең мененки саат 07:30да жана түштө саат 12:30 чамасында жер титирөө катталды. 12:30да болгон жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткенин айтып жатышат.
Мага жеткен маалымат боюнча жер титирөөнүн очогу Ак-Кыя жана Жаңы-Талап айылынын орто ченинде тоо тарапта болгондугу болжолдонууда. Кечээ райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте айылдарды кыдырып, жарака кеткен турак жайларды каттоо иштери башталган. Бүгүн дагы каттоо иштери жүрүп жатат. Кадыралы айылында 8 үй катталды. Ал жерде өтө чоң деле жарылган үйлөр жок. 1-2 сантиметрге чейин дубалдары ачылып кеткендери бар экен. Көбүнчө эски үйлөрдөн жарака кеткен. Кара-Ой айылында 8 үйдөн жарака кеткендиги белгилүү болду.
Бүгүн, 13-май күнү дагы кыдыруулар, аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Ак-Кыя айылында 57 үй аныкталды. Эми таптакыр кирүүгө болбой калган үй жок. Учурда Жаңы-Талап айылын кыдырып жатышат.
Мындан тышкары, Кадыралы айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде, Кара-Ой айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде жана Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде бир аз жарылып кеткен жерлер бар. Бул маалыматты мага айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адисибиз өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен бирге жүргөндүктөн берип жатат», – деди айыл өкмөт башчысы.
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү учурда кырсыктын кесепеттерин аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын, бардыгы аныкталгандан кийин толук маалымат беришерин билдирди.
Ал эми Жаңы-Талап айылынын жашоочулары жер титирөө катуу болгондугун, айрым үйлөрдүн кеткен жаракасынан сырт тарап көрүнүп калгандыгын, дүкөндөрдө текчеде турган азыктар ыргып жерге түшкөндүгүн айтышууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
