Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 13-майда Ош шаарында вице-мэрлерге жана муниципалдык кызматтарга кызматтык унаалар тапшырылды.
Маалыматка караганда, жалпы 16 унаа тапшырылды. Анын ичинен 6 унаа демөөрчүлөр тарабынан белекке берилсе, калган 10 унаа мэриянын карамагында болгон транспорт каражаттары.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, акыркы 3,5 ай ичинде 65 унаа демөөрчүлөр тарабынан белек катары тапшырылган.
«Бул унаалар мамлекет же мэрия тарабынан алынган эмес. Бул атайын демөөрчүлөр тарабынан берилген жаңы унаалар. 6 унаа белек катары берилди. Бир унаа милицияга, калган 5 унаа орун басарларыма жана аппарат жетекчиге тапшырылды. Эски унаалар тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилди. Мен кызматкерлерге унааларды жеке кызыкчылык үчүн эмес, кызмат учурунда гана пайдалануу керектигин эскерттим. Бул унаалар белек катары берилгендиктен, алардын майын өздөрү куюшат», – деди шаар мэри.
Унаалар төмөнкү кызматтарга берилди:
– Мэрдин 4 орун басарына;
– Аппарат жетекчи;
– Ош шаардык ички иштер башкармалыгы;
– Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмү;
– Укук коргоо органдары жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;
– Ош мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү;
– “Ош ТВ” телеканалы;
– “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына;
– “Мэриянын жарандарды тейлөө бюросу” муниципалдык ишканасы;
– Ош шаардык билим берүү башкармалыгы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
