Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Turmush: Кадамжайдагы булак, акимдин ысымы: Анын аталышы кантип өзгөргөн?
Янгиликлар

Turmush: Кадамжайдагы булак, акимдин ысымы: Анын аталышы кантип өзгөргөн?

Май 14, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү эл ашказан жана сөөл ооруларына дары деп, таза суу катары пайдаланып келген Азим-Булак суусу бар. Аймактык кабарчы анын таржымалын сураштырды.

Маалыматка караганда, бул булактын мурдагы аталышы Азиз-Булак болгон. Азиз-Булактын Азим-Булак болуп өзгөрүшү өзүнчө тарых. Аталган булак Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун эски багыты боюнча Орозбеков аймагынын Учкун айылында жол боюнда жайгашкан.

1961-жылдары Ош—Баткен—Раззаков жолунун эски багыты салынып жатканда Азим-Булактын ордунан шагыл казылып, Айдаркен шаарына чейин ташылып турган. Казылган шагылдын ордунан булак чыккан. Ага чейин деле ал жерлерде булак болуп, жергиликтүү эле Азиз-Булак деп атап келишкен. 1977-жылдары катуу келген селден улам булактын көзү жабылып калат. Ошол учурда Охнанын Кара-Кечүү айылынын тургун Азим Саттаров жергиликтүү элди уюштуруп, Азиз-Булактын кайрадан көзүн ачышкан. Ошондон кийин Азиз-Булак Азим-Булак деп аталып калган.

Айрымдар булактын Азим-Булак болуп өзгөрүшүн 1996-98-жылдары Кадамжай районунун акими болуп иштеп турган Азим Карашевдин атынан коюлганын айтышат. Булактын айланасын өздөштүрүүгө ошол киши уруксат берип, анын урматына ошентип коюлган дегендер да бар.

Бирок булак Азим Карашев аким болуп келгенге чейин эле Азиз-Булак, андан кийин Азим-Булак болуп аталып келген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОштун мэринин 4 орун басарына жана башкаларга кызматтык унаалар тапшырылды
Next Article Өз аялын уурдап, зомбулук көрсөткөн жаран кармалды, – милиция

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.