Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга «Санарип көчмөн» (Digital nomad) макамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобону бекитти. Тийиштүү чечимге Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жобо төмөнкү максаттарды чечүүгө багытталган:
– Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
– маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продуктуларды иштеп чыгуу жана башка ушул сыяктуу тармактарга чет элдик адистерди жана инвестицияларды тартуу;
– «Санарип көчмөн» макамын ыйгаруу боюнча арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.
Чечимди ишке ашыруунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
– «Санарип көчмөн» (Digital Nomad) макамын ыйгарууга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү;
– зарыл болгон учурда чет өлкөлүк жаран тарабынан билдирилген ишмердүүлүктүн түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартуу.
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өз кезегинде «Санарип көчмөн» макамына ээ жана жеке ишкер катары катталган чет өлкөлүк жарандардын эсебин жүргүзөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
