Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык эки спортчу Шри-Ланкада өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. 2007-2008-жылдары туулган боксчулар арасындагы мелдеш бүгүн, 13-майда Коломбо шаарында башталды.
Турнирдин биринчи күнүндө рингге Кыргызстандан 3 спортчу чыкты.
Данил Булавкин (58 кг чейин) жана Эрлан Эргешов (60 кг чейин) беттешти 1/4 финалдык баскычтан баштап, БАЭ жана Монголиянын спортчуларын жеңип чыгышты. Анын жыйынтыгы менен жарым финалга жолдомо алышты.
Анаралы Анарбеков (48 кг) таймашты 1/4 финалдан баштап, бирок жеңишти алдырды. Ал медаль үчүн күрөштөн четтетилди.
Жарым финалдык беттештер 17-майда өтөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
