Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Үйлөрү жабыркаган тургундардын ой-пикири (видео, сүрөт)
Янгиликлар

Үйлөрү жабыркаган тургундардын ой-пикири (видео, сүрөт)

Май 14, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush —

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 12-май күнү болуп өткөн жер титирөөгө күбө болгон Жаңы-Талап айылынын айрым жашоочулары менен аймактык кабарчы жеринен маектешип келди.

Буга чейин маалым болгондой, 12-май күнү эртең мененки саат 07:30да бир аз жана түшкү саат 12:38де күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жыйынтыгында Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кадыралы, Кара-Ой, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылында бир нече жашоочулардын үйлөрүнөн жана 3 орто мектепте жарака кеткендиги кабарланып, 12-майдан тарта азыркы учурга чейин район бийлиги, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрүнөн турган комиссия айылдарды кыдырып, кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан үйлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүп жатышкандыгы маалым.

Ал эми айылдын айрым жашоочулары аймактык кабарчыга окуя тууралуу маалымат берүү менен бирге эле турак-жайларын камсыздандырган айрым жашоочулар жарака кеткен турак-жайларына жардам берилбестигин айтышууда деп нааразычылыктарын билдиришти.

Тоголок Молдо айылдык кеңешинин депутаты Айзада Бейшеналиеванын айтымында, түш убактагы жер титирөө катуу болгон.

«12-май күнү эртең менен бир аз жер титирөө катталды. Андан кийин, түшкү саат 12:38де кайра кайталанды. Ушул түштө болгон жер титирөө катуу болду. Ал учурда мектепте болчубуз. Үйгө келсем эле минтип үйүмдүн дубалдары ажырап кетиптир. Анан өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана камсыздандыруу уюмунан кишилер келип, үйдү көрдү. 2017-жылдан бери үйүмдү камсыздандырып келе жатам. Мен камсыздандыруу уюмунун райондук өкүлүнө суроо берсем, ал киши “мыйзам боюнча жер титирөөнүн күчү 6 же андан жогору болсо гана камсыздандырылган үйлөргө жардам берилет, мында эч кандай жардам берилбейт” деген жооп айтты. Бизде 5,40 балл болду. Биз кечинде кошунамдыкына барып жаттык. Дагы жер силкинсе кулап калабы деп корктук. Анткени үйүбүз кулап калуу коркунучуна эле кептелди. “Сөзсүз түрдө 6 балл же андан жогору жер титиреп, үйүбүз кулап, кимдир бирөөнү басып калганда гана жардам берилеби?” деген ой келди. Биз табигый кырсыктар учурунда жок дегенде жарака кеткен жерлерибизди оңдоп алууга жардам көрсөтүлөт деп ишенип, жыл сайын камсыздандырууга акча төлөп келдик да. Тилекке каршы, эч кандай жардам берилбейт экен. Эми бул жагы кандай болуп калат? Эгерде, мындай учурда жардам берилбесе, биз анда камсыздандыруудан баш тартууга туура келет», – деди А.Бейшеналиева.

Жаңы-Талап айылынын тургуну Нуркан Биримкулова: «Мен ушул коридордо жүргөм. Бир маалда эле ушундай “даң” деди. Анан үй ушундай бир калчылдап, үстүнөн шыгырап топурак себеледи. Мен коркуп эле “эшик тарапка турат дечү эле” деп босого туруп калдым. Дароо жок неберемди эстей калып, сыртка чыга калып жок “Рамис” деп кыйкырдым. Кудай жалгап неберем сыртта чоң атасынын жанында экен. Бир топ эле катуу болду. Неберем “үйгө жатпайм” дебедиби. “Эшикке эле жатып алалычы” деп. Коркуп калыптыр. Бала эмес, биз коркуп калдык.

Анан райондон 3 киши келди. Үйүбүздү камсыздандырганбыз. Анан алар “мыйзам боюнча 6 баллдан жогору болсо гана жардам берилет” деп коюшту. “Туура түшүнүңүздөр” деп коюшту. Анан “туура түшүнүп кала бердик” Эгерде жардам бербесе, анда мындан кийин камсыздандырууга төкпөй эле коюш керек», – деди Нуркан апа.

Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин мугалими Эрнис Кожоналиев: «2017-жылдан бери үйүбүздү камсыздандырып келгенбиз. 12-май күнү күчү 5 жарымга жеткен жер титирөө болду, үйүбүз болсо жарылды. Жаңы салган үйүм дагы жарылды. Анан өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана камсыздандыруу уюмунан кишилер келди дагы “6 балл же андан жогору жер титирөө болмоюнча эч кандай жардам бере албайбыз” деп кетишти. Бул камсыздандыруунун эч кандай жардамы болбогондон кийин бизди эмнеге милдеттүү түрдө камсыздандыртып коюшуп, акча төктүрүп коюшуп, кайра “эч кандай жардам бере албайбыз” деп коюшту. Буга түшүнгөн жокмун. Анан калса, булар деген үйдү карап туруп “пайдубалы цементтен салынбаптыр, таштан тизилиптир, топо менен сокмодон жасалган” деген шылтоолорду айта беришет экен. Анда эмне үчүн үйдү камсыздандырып баштаганда үйдү келип көрүшпөйт. Көрүп туруп “цемент эмес экен, сокмодон салынган, бир нерсе болсо ушуга такап коёбуз, бул үйүң камсыздандырууга жатпайт” деп айтпастан камсыздандырып алышат дагы, анан жардамга келгенде эле жоопкерчилик деген жок, жардам деген жок экен да», – деди Эрнис Кожоналиев.

Ушундай ой-пикирлерин бир канча жашоочулар билдиришти.

Ал эми мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ак-Талаа райондук инспектору Жусупбек уулу Рүстөмбек жер титирөөнүн күчү 6 балл же андан жогору болсо гана жардам берилери мыйзамда жазылгандыгын айтты.

«Ошондой эле, турак-жайлардын эски экендигине, анын пайдубалы таштан салынабы же дубалы сокмо болобу аларды карабайбыз. Камсыздандырылган бардык турак-жайлар табигат кырсыгынын жабыркаса жардам берилет», – деди ал.

Район акими Жумадилла Жапаровдун айтымында, учурда тиешелүү кызматкерлер айылдарды кыдырып, жер титирөөдөн жабыркаган турак жайларды аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле, Кадыралы, Ак-Кыя, Ак-Тал, Жаңы-Талап жана Кара-Ой айылдарында тактоо иштери аяктап калганы, Үгүт, Байгөнчөк жана Баетов айылдарында силкинүүнүн күчү 4 баллга жетип, бул айылдарда да тактоо иштери жүргүзүлөрү белгилүү болду. Жапаров бардык айылдар боюнча текшерүү иштери бүткөн соң, толук маалымат берилерин кошумчалады.

————————————

Буга чейин Turmush басылмасы Ак-Талаа районунда болгон жер титирөөдөн улам 4 айылдагы айрым үйлөр жаракалар кеткенин жазган.

Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Съезбек Мыктыбеков учурда айылдарды кыдырып, жер титирөөдөн улам жабыр тарткан үйлөрдү тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кыдырып жүрүшкөндүгүн айтты.

«Баарына белгилүү болгондой, кечээ күнү 2 жолу удаа-удаа жер титирөө болуп өттү. Биринчиси эртең мененки саат 07:30да жана түштө саат 12:30 чамасында жер титирөө катталды. 12:30да болгон жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткенин айтып жатышат.

Мага жеткен маалымат боюнча жер титирөөнүн очогу Ак-Кыя жана Жаңы-Талап айылынын орто ченинде тоо тарапта болгондугу болжолдонууда. Кечээ райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте айылдарды кыдырып, жарака кеткен турак жайларды каттоо иштери башталган. Бүгүн дагы каттоо иштери жүрүп жатат. Кадыралы айылында 8 үй катталды. Ал жерде өтө чоң деле жарылган үйлөр жок. 1-2 сантиметрге чейин дубалдары ачылып кеткендери бар экен. Көбүнчө эски үйлөрдөн жарака кеткен. Кара-Ой айылында 8 үйдөн жарака кеткендиги белгилүү болду.

Бүгүн, 13-май күнү дагы кыдыруулар, аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Ак-Кыя айылында 57 үй аныкталды. Эми таптакыр кирүүгө болбой калган үй жок. Учурда Жаңы-Талап айылын кыдырып жатышат.

Мындан тышкары, Кадыралы айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде, Кара-Ой айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде жана Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде бир аз жарылып кеткен жерлер бар. Бул маалыматты мага айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адисибиз өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен бирге жүргөндүктөн берип жатат», – деди айыл өкмөт башчысы.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү учурда кырсыктын кесепеттерин аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын, бардыгы аныкталгандан кийин толук маалымат беришерин билдирди.

Ал эми Жаңы-Талап айылынын жашоочулары жер титирөө катуу болгондугун, айрым үйлөрдүн кеткен жаракасынан сырт тарап көрүнүп калгандыгын, дүкөндөрдө текчеде турган азыктар ыргып жерге түшкөндүгүн айтышууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОш облусунда бир жумада укук бузган 209 жаранга чара көрүлдү
Next Article Түгөлбай Казаков КМШнын «Шериктештиктин жылдыздары» сыйлыгынын лауреаты болду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.