Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Улуттук «Манас» академиясынын улуттук кеңешинин мүчөсү, Кыргызстандын эл артисти, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаков КМШнын башкы гуманитардык сыйлыгы болгон «Шериктештиктин жылдыздары» лауреаты менен сыйланды.
Бул сыйлыкка «Гуманитардык ишмердүүлүккө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн» номинациясында татыктуу деп табылды.
«Манас» академиясынан билдиришкендей, сыйлык тапшыруу аземи 14-майда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун алкагында өттү.
Сыйлык 2009-жылы негизделген жана жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө маданият, искусство, билим берүү, илим, архив иши, маалымат жана массалык коммуникация, спорт, туризм, жаштар менен иштөө жана гуманитардык ишмердүүлүк сыяктуу тармактарда кошкон ири салымы жана жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
