Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын жарандыгын кимдер жана кандай жол менен ала алат?
Чет элдиктер жарандыкты жалпы (120 күн) жана жөнөкөйлөштүрүлгөн (60 күн) тартипте ала алышат. Бул үчүн чет элдиктер Калкты тейлөө борборлоруна, Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.
Жарандык алуу үчүн талаптар:
– арыз берген учурга чейин акыркы 5 жылдын ичинде Кыргызстандын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашоо (1 жылдын ичинде Кыргызстандын чегинен тышкары 3 айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелет);
– пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөп, КР Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттеме алуу;
– жашоо үчүн каражат булагы;
– Кыргызстанда жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттуулугу болбошу керек.
Талап кылынуучу документтер:
– арыз-анкета;
– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү);
– электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт);
– Кыргызстандын аймагында акыркы 5 жылдын ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жараны үчүн – виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жараны үчүн каттоо талону, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашап турууга уруксат);
– мамлекеттик же расмий тилди билүүнүн деңгээлин ырастаган документ;
– жашоого мыйзамдуу каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер;
– жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолбогондугу тууралуу белгиленген тартипте апостилденген же консулдук легализациядан өткөрүлгөн маалым кат;
– Кыргызстандын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция.
Чет элдик жаран:
* илим, техника, маданият, спорт жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе, Кыргызстан кызыкдар болгон кесипке, болбосо адистикке ээ болсо, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармагына инвестиция чегерсе 3 жылда;
* ата-энесинин бирөө Кыргызстандын жарандыгын алган жана Кыргызстандын аймагында жашаган болсо, же ал Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо жарандыгы калыбына келтирилип, 1 жылда жарандык ала алат.
Мында керектелген кошумча документ:
– Кыргыз ССРинде төрөлсө же мурдагы СССРдин жараны болсо (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актысынын көчүрмөсү, СССРдин жаранынын паспорту;
– СССРдин жаранынын паспортун берген ыйгарым укуктуу органынын каты (Форма №1 тиркөө менен)
Жашы жете элек балдар ата-энесинин бирөө Кыргызстандын жараны болсо жашоо мөөнөтүнүн шарттары сакталбастан жарандык ала алышат. Мында баланын ошол ата-энесинин арызы жана ата-энесинин экинчи жагынын макулдугу керек. Эгерде бала Кыргызстанда жашаса, экинчи тараптын макулдугу талап кылынбайт.
Ошондой эле этникалык кыргыздар Кыргызстанда жашаган мөөнөтүнүн шартын көрсөтпөстөн жарандык ала алышат.
Мында керектелген кошумча документ:
– кыргыз улутунда экендигин же ата-энесинин биринин кыргыз улутунда экендигин тастыктаган документ (кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ата-энесинин кыргыз улутунда экендигин көрсөтүлгөн паспорту).
Жарандык тууралуу кошумча суроолор боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин call-борборуна 119 номуру аркылуу кайрылууга болот.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
