Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Тез жардам мобилдик пунктарынын санын көбөйтүү керек, деди депутат Бекмурза Эргешов («Мекенчил») бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин отурумунда.
Анын айтымында, учурда жол тыгындарынан улам тез жардам унаалары чакырылган жерге 2-3 саатта барган, кээде бейтаптын өзү келүүсүн талап кылган учурлар катталууда.
«Кайрылууларда тез жардам унаалары чыгууда, бош эмес деген жооптор менен чектелип жатышат. Жарандар ооруканага такси менен барууга мажбур болууда. Айрымдары жетишпей каза болгон учурлар да бар», – деди Эргешов.
Депутат абалы салыштырмалуу жеңил бейтаптар ооруканага бара аларын белгилеп, абалы оор бейтаптар үчүн коркунуч жаратарын кошумчалап, тез жардам унааларын сатып алууга бюджеттен каражат бөлүүнү сунуштады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
