Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Москва районунун Нарзан айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында фермерлер жасалма уруктандыруу жолу менен алынган, торпогунун баасы 100 миң сомго бааланган швиц породасындагы асыл тукум уйлардын санын арттырып жатышат.
Кош-Дөбө айылы райондун борбору Беловодск айылына жакын жайгашкан. Андагы фермерлер чет өлкөлүк адистер менен кызматташып, жасалма уруктандыруу жолу менен швиц породасындагы асыл тукум уйларды багышууда.
«Райондогу Кош-Дөбө айылынын жашоочулары чет өлкөлүк эл аралык швейцариялык адистер менен келишим түзүп, асыл тукум уйлардын сапатын жана санын арттыруу максатында иштеп жатышат. Ал жактан швиц породасындагы уйлардын уругу алынып келинип, жасалма уруктандыруу жүргүзүлүүдө. Кечээ жакында чет өлкөлүк адистер Кош-Дөбө айылына келип, жасалма уруктандыруу жолунда аткарылып жаткан иштер менен таанышып, кеңештерин беришкен.
Айылдык тургундар швиц породасындагы асыл тукум уйларды багып баштады. Себеби, сандан сапатка өтүү маанилүү. Туура, учурда жайыттар тарып, тоюттун баасы көтөрүлдү. 4 уй багып, күнүнө 40 литр сүт алганга караганда, породалуу 1 уй багып, күнүнө 50 литр сүт алган артык. Ошондуктан жергиликтүүлөр швиц породасындагы уйларды багууга өтүштү. Бул уйлар эт жана сүт багытында кармалып, 1 жаш торпогунун баасы 100 миң сомду түзөт. Мындан улам туула элек музоону сатып алууга кезек күткөндөр да арбын», – дешет Кош-Дөбө айылынын тургундары.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
