Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Дүйнөдөгү эң жакыр мамлекет башчысы деп аталган Уругвайдын мурдагы президенти Хосе Мухика дүйнөдөн кайтты. Ал 89 жашта болчу. Мындай маалыматты Уругвайдын азыркы президенти Яманду Орси билдирди.
Хосе Мухикадан кызыл өңгөч рагы дарты аныкталган. Жыл башында ал дарылануудан баш тартып, жердештери менен коштошкон.
Хосе Мухика өлкөнү 2009-2015-жылдары жетектеди. Аны «el presidente ms pobre» — «эң жакыр президент» деп аташкан.
Президент болуп шайланган учурда анын жалгыз мүлкү — 1987-жылы чыгарылган «Volkswagen Beetle» унаасы болгон. Президенттик кызматты аркалап жүргөндө айылдагы жупуну үйдө жашаган. Ал дээрлик бардык айлыгын кайрымдуулукка жумшап, өзүнө ондон бир бөлүгүн гана калтырган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
