Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Түп айыл аймагына караштуу Бирлик айылында 100 орундуу бала бакча курулууда. Имараттын курулушуна 80 миллион 900 миң сом каралган.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, учурда пайдубалы түптөлүп, алдыда кыш тизүү иштери жүргүзүлмөкчү.
Бул элеттеги бала бакча — Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы бала бакча болуп саналат.
«Мектепке чейинки жеткинчектерди тарбиялоочу жай мурда Советтер Союзунун мезгилинде уюшулган экен. Ал эми көзкарандысыздыктын 30 жыл аралыгында бул алгачкы жолу курулуп жаткан бала бакча болуп саналат. Курулуш иштери 2 жылдык мөөнөт менен башталды. Бүгүнкү күндө курулуш иштерин ‘Пэтр Строй’ ЖЧКсы жүргүзүп жатат. Ал эми каржылоо республикалык бюджеттен каралды. Келечекте 150 бөбөктү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, улуу жана кенже тайпалар үчүн бардык шарттар камсыздалат», – деди айыл башчысы Саламат Атамкулов.
Бирлик айылында 202 кожолук бар, жалпы 1500гө жакын адам жашайт.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык:
«Пэтра Строй» жоопкерчилиги чектелген коому
Катталган күнү: 01.12.2005
Негизги ишмердүүлүгү: башка жерде атайын аталбаган жарандык багыттагы ар түрдүү объекттерди куруу
Жетекчиси жана негиздөөчүсү: Туйчиев Арабжан Турсынбаевич.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
