Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бакай-Ата райондук соту УКМК тарабынан кармалган аким менен башка кызмат адамдардын иши каралды.
Маалым болгондой, сот ишти кечээ, 13-майда карап, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыпталган И.А.Т [Алгынбай Имаров] менен Ш.К.М.ны (Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн мурунку жетекчиси) камакта калтырылды.
Ал эми башка айыпталуучулар М.С.Т., Б.Р.К жана Б.С.Т. үй камагына чыгарылды.
- Буга чейин 17-мартта УКМК Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалганын кабарлаган болчу. Анда Бакай-Ата районундагы жооптуу кызматкерлер тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы, жалпы аянты 95,9 гектар жер жеке менчик турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгени айтылган.
Кийинчеррээк Жогорку соттун сайтындагы Мамлекеттик сот актыларынын реестрине Талас облустук соту 10-апрелде Бакай-Ата районунун акиминин баш коргоо чарасы боюнча өкүм чыгарганы кабарланган.
Айыпталуучу Алгынбай Имаров (аты өзгөртүлдү И.А.Т.) 1967-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, билими жогорку. Мурда соттолгон эмес.
Бакай-Ата районунун акими болуп иштеп келген.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Алгынбай 2021-жылдын 22-майында Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалган. Ал кызмат абалын жеке кызыкчылыктар үчүн кыянаттык менен пайдаланып, 2023-жылдын 19-январдагы буйругу менен жер мунапысын жүргүзүү боюнча райондук деңгээлде комиссия түзгөн. Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы жобосуна ылайык, комиссиянын курамына улуттук коопсуздук органдарынын жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү киргизилет деп тургандыгына карабастан, өзүнүн кылмыштуу аракетин жашыруу максатында, атайылап аталган укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн комиссиянын курамына киргизген эмес.
Андан соң аталган комиссиясынын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз кийгилишип, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата жана Наматбек айылынын К.З.Н., Ж.А.М., А.С.К., А.У.О., Д.Р.К. аттуу тургундарына 0.10 гектардан жер тилкеси берилген.
Жер берүү үчүн ал тилкелер жер мунапыс объектисине туура келбейт деген эскертүүлөрүнө карабастан, 2023-жылдын 18-июлунда Бакай-Ата районунда жер мунапысын жүргүзүү үчүн райондук комиссиянын отурумун өткөрүп, анын жыйынтыгы менен №22 сандуу протокол кабыл алдырган. Бул протоколдун негизинде тизмеде көрсөтүлгөн жарандарга жер тилкесин бекитилсин деген мыйзамсыз буйрук чыгарган. 0,10 гектар жер участокторунун наркы 850 миң сомдон болуп, 5 тилкенин жалпы баасы 4 млн 250 миң сомду түзгөн.
Аким 2025-жылдын 11-мартында кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 2025-жылдын 12-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулган. Талас шаардык сотунун 3-апрелдеги токтому менен анын бөгөт коюу чарасы 30-апрелге чейин узартылган.
Жактоочу эмне деди?
Акимдин жактоочусу соттун токтому менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Ал арызында аким угузулган айыбы боюнча күнөөсүн мойнуна аларын жана кылганына өкүнөрүн билдирген. Ал кылмыш иш 2025-жылдын 5-январында козголуп, тергөө учурунда бир нече жолу күбө катарында сурак берип келгенин, тергөө учурунда эч жакка качып кетпегенин, чакырганда убагында келип турганын, мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүнө эч кандай тоскоолдук кылган эместигин, угузулган айып боюнча мамлекетке эч кандай зыян келтирилбегенин, болгону мыйзамдарды колдонууда шалаакылык болсо керектигин, мындан тышкары 2025-жылдын 27-мартында угузулган айыбы боюнча күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүн жана Талас шаардык соту тарабынан бекитүү жөнүндө токтом чыгарылганын көрсөтүп, Талас шаардык сотунун 2025-жылдын 3-апрелиндеги токтомун жокко чыгарып, айыпталуучуга камактан башка бөгөт коюу чарасын тандап берүүнү суранган.
Айыпталуучу өзү да жактоочусунун апелляциялык даттануусун колдоп, үй камагына чыгарууну суранган.
Облусттук соттун өкүмү:
Талас облустук соту 10-апрелде иштин материалдарын карап чыгып, Талас шаардык сотунун 2025-жылдын 3-апрелиндеги токтомун өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырды. Аныктама даттанууга жатпайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
