Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Алай районундагы Теректеш айыл өкмөтүндөгү Корулу, 1-май, Кең-Жылга, Тогуз Булак айылдарында үйлөрдүн 90-95%ы бузулганы турат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев («Альянс») бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
Анын айтымында, аталган айылдар тоонун этегинде жайгашкан.
«Бөрк ал десе, баш алгандай, эмне үчүн ошол жердеги үйдүн баарын бузабыз деп жатышат? Азыркы жоондугу 6 метр болгон жолду 26 метр кылабыз дейт. Эгер мындай боло турган болсо, ал жерде үй калбайт. Эмне кылат элдер же компенсация берилбесе, же жер берилбесе? Жөн эле үйлөрдү бузабыз деп жатат», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
