Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-Көлдө өмүр менен коштошкон окуучу боюнча мектеп директору үн катты
Янгиликлар

Ысык-Көлдө өмүр менен коштошкон окуучу боюнча мектеп директору үн катты

Май 15, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда асынып алган 11-класстын окуучусу мектепте социалдык кызматкердин каттоосунда болгон. 

М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айзада Ишенбаева маркум окуучу боюнча айтып берди. 

«Баланын апасы — биринчи топтогу майып, өзүнчө жашайт. Ал апасынын бир туугандары менен жашачу. Өспүрүм быйыл 20-апрелде дагы өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аман калган. Мектеп, социалдык кызматкерлер жана билим берүү бөлүмү тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүп келген. Баланын өзү экинчи мындай кадамга барбайм деп убада берип, маек өткөрүлгөн. Окуудан калбай келип жаткан.

30-апрелде үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу дагы бир жолу маектешүү жүргүзүлүп, каникул учурунда баланы көзөмөлдөө боюнча тил кат алынган. Ошол учурда өспүрүм психологго баруудан баш тарткан. Окуучу жашаган үй-бүлөнүн мүчөлөрү намаз окушат. Өспүрүм акыркы жолу намаздан кийин, түнкү саат 01:00 чамасында сыртка чыгып кеткен. Таң атканда асынып турган жеринен табылган», – дейт мектеп директору Айзада Ишенбаева.

Окуя боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө. 

  • Буга чейин Turmush басылмасы Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиялардын биринде окуган бүтүрүүчү класстын окуучусу өз жанын кыйганын жазган. 

Айыл тургундарынын айтымында, окуучуну сарайда асынып турган абалда таенеси таң эрте таап алган.

«Апасынын жалгыз уулу болчу. Мектепте токтоо мүнөздүү, жакшы окуган окуучу эле. 9-май күнү классташтары менен жолугуптур деп уктук. Ошол эле түнү сарайга барып, өзүнө кол салган экен. Таң эрте таенеси асынып турганын көрүптүр. 11-майда жерге берилди. Болжол менен бир ай мурун 9-класска чейин окуп, кийин колледжде билим алып жаткан классташы дагы өз жанын кыйган. Эмне себептен мындай кадамга барышканы белгисиз. Мектепти бүтүрүп, чоң турмушка аттанып жаткан балдар эле — бул абдан өкүнүчтүү», – дешет айыл тургундары.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleДепутат Алай районундагы бир катар айылдын тургундары үйсүз калганы жатканын айтты
Next Article Бир заматта оор жоготууга учураган Ысык-Көлдөгү үй-бүлө

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.