Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Балтабай айылынын 28 жаштагы тургуну Гүлбарчын Эмилбекова үй-бүлөсү бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, орду толгус жоготууга учураганын Turmush басылмасына айтып берди.
Анын айтымында, кырсык 2025-жылдын 5-апрель күнү саат 22:00 чамасында катталган.
«Ата-энем, иним жана эки сиңдим Ысык-Көлдөн Кара-Балта шаарына тажияга (похороны) бара жатышып, түнкү саат 22:00 чамасында Кеминге жеткенде жол кырсыгы катталыптыр. Рулда иним, ал эми жанында атам отурган.
Унаа чимирилип кетип, каршы тилкеге чыгып калып, ошол жактан келе жаткан «Mercedes-Benz Sprinter» унаасы менен сүзүшкөн. Кагылышуудан унаанын сол тарабы — атам отурган жагы катуу жабыркаган. Атам окуя болгон жерден эле көз жумуптур, ал эми иним оор абалда болгондуктан түнкү саат 00:00дөн кийин ал дагы каза болуптур.
Унаанын арткы орундугунда апам, ортосунда кичүү сиңдим, четте ортончу сиңдим отурган. Апамдын жамбашы үч жеринен сынган, мээси чайкалган, бир ай төшөктө жатса керек дешти. Апам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканынан улам атам менен инимдин каза болгонун угузган эмеспиз. Кичине жакшы болгондо угуздук, көтөрө албай аябай жаман болду…
Ортончу сиңдимдин эки сан сөөгү сынып, беш-алтыга бөлүнүп кеткен. Башы менен дагы катуу урунгандыгына байланыштуу кулактарынан кан чыгып кеткен. Бир кулагы укпай, бетинин бир жагы иштебей калды. Азырынча баса элек, бир ай ооруканада жатып, эми өздөрүнө келип башташты.
Кичүү сиңдим комада республикалык ооруканада жатат, абалы оор. Эки сан жана баш сөөгү сынып, ошол боюнча калабы же айыгып кетеби белгисиз дешти. Өзүнө келбей калышы мүмкүн деп жатышат, мээсине катуу доо кеткен деп айтышты. Башынын баары кан шишик (гематома), сөз укпайт, кишини таныбайт. Комадан эми бир көзүн ачты. Күнүмдүк даары-дармегине, укалоосуна (массаж) 10 миң сомдон акча кетип жатат.
Кимден жардам сурашыбызды деле билбей калдык. Айылдаштар, туугандар, кудалар, дос-тааныштарыбыздын баары көмөк колун сузушту. Бирок 1 айдан бери дары-дармек жана операцияга топтолгон акча каражатыбыз кетип калды», – деди ал.
Атасы — Эмилбек Муканбетов 1966-жылкы (каза тапты);
Апасы — Гүлсина Бахматова 1978-жылкы (абалы оор);
Сиңдиси — Эмилбек кызы Акбарчын 1999-жылкы (абалы оор);
Иниси — Эмилбек уулу Хантенир 2001-жылкы (каза тапты);
Сиңдиси — Айжаркын Бейшеева 2007-жылкы (абалы оор).
«Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 4 кыз жана 1 эркек. Атам 58 жашта, иним 23 жашта болчу, жалгыз эркегибиз каза болуп калды. Инимдин артында 21 жаштагы келинчеги, 8 айлык баласы калды», – дейт Гүлбарчын Эмилбекова.
Мбанк: 0505088909 (Гүлбарчын)
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
