Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен районунун Зардалы айылынын Даңги жолу жабылып, жашоочулар айланма жол менен каттап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, учурда көч мезгили болгондуктан, Зардалыга жол алгандар арбын.
Жайытка же эгин талаага көчкөн Зардалы айылынын тургундары мурда 80-90 чакырымдык Даңги жолу менен катташса, азыр айланма жол аркылуу 124 чакырым айланып барышууда. Бул жол кыйынчылыктарды жаратып жатканын жашоочулар билдиришти, анткени Даңги жолу учурда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган.
Айыл тургундарынын айтымында, учурдагы айланма жол абдан кооптуу. Өзгөчө жаан-чачын учурунда каттам биротоло токтоп калат. Себеби бул жолду Кашка-Суу дарыясы кесип өтөт, ал суу көбөйгөн учурда жолду жеп, жүрүүгө мүмкүн болбой калууда.
Жашоочулар бул көйгөйдү чечүү үчүн дарыяга атайын труба орнотуп, сууну өз нугу менен агызуу керек экенин белгилешет. Болбосо жакын арада бул жол да таптакыр жараксыз абалга кептеши мүмкүн.
Буга чейин Сары-Талаа—Кызыл-Таш—Зардалы жолунун курулушу жүрүп жатканы маалымдалган.
Аталган жолдун узундугу 17,5 км.
Транспорт министрлиги жол президент Садыр Жапаровдун Зардалы айылынын эли менен 2024-жылдын сентябрында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы менен курулуп жатканын билдирген.
2024-жылдын ноябрь айында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кызыл-Таш—Зардалы автожолун курууга 389,2 млн сомдук тендер жарыялаган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
