Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарында кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен чатакташкан ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы менен мурдагы прокутуранын мурдагы кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 9-майындагы токтомунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык) боюнча айыпталган С.Н.Т. бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. С.Н.Т. жабырлануучу менен өз-ара жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүп, ал эми жабырлануучу айыпталуучуга карата дооматы жоктугун көрсөткөн тосмо арыз берип, анын бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранган.
Сот айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын тандоодо анча оор эмес кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталып жаткандыгын, карамагында жашы жете элек 4 баласын, жабырлануучу тарап менен өз ара жарашуу келишими түзүлүп, жабырлануучунун айыпталуучуга карата камакка байланышпаган түрүн тандоону эске алган.
Кайгуул кызматкери менен чатакташкан экинчи адам Б.М.А. дагы Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 1-майындагы токтомунун негизинде үй камагына чыккан. Ага дагы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык) боюнча айып тагылган.
Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын тандоодо карамагындагы жашы жете элек балдарын жана туруктуу жашаган жерин, тергөөнүн чакырууларына өз убагында келип турууга милдеттендирилгендигин, тоскоолдук жаратпастыгын жана анча оор эмес кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталып жаткандыгынэске алган.
Окуя тууралуу:
Буга чейин Ош шаарында жол кайгуул кызматкерлери менен чатакташканы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу куткаруу кызматынын башчысы камакка алынганы белгилүү болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 6-апрелде катталган. Эс алуу күнү ӨКМдин кызматкери досу менен спирт ичимдигин ичип, унаада жүргүнчү катары бара жатканда кармалган.
«Куткаруу кызматынын башчысы кызмат ордунда иштеген. Бул окуя 6-апрелде болгон экен. Ишембиде эс алуу күнү болгон. Бизге маалымат жакында жетти. Ички иштер министрлигинен биздин кызматкер экени, кызматтык милдеттери тууралуу маалымат сурап, иш козголгону боюнча кат келип түшкөн. Биз андан кийин 18-апрелде министрликке жана Аскер прокуратурасына кабар бердик. 29-апрель күнү ал 48 саатка камакка алынды», – деп айтылган маалыматта.
Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлгөн соң гана ӨКМ тарабынан ички иликтөө жүргүзүлүп, укук бузууларга жол берген кызматкерлердин кызматтык маселеси каралары маалым болду.
Андан кийин Ош ШИИБ кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен чатакташкан ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысына кылмыш иш козголгонун кабарланган.
Маалыматка караганда, 5-апрелде саат 22:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө «Хонда Фит» айдаган белгисиз адамдар Фергана жана Амир-Темир көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук тартипти бузуп жатканы маалымат түшкөн. Кийинчерээк алар ӨКМдин куткаруу кызматынын башчысы С.Н.Т. менен прокуратуранын мурдагы кызматкери Б.М.Б экени такталган.
Ал жерге Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын инспекторлору барып, унаанын рулунда Б.М. экенин такташкан. Алар медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн Исанов көчөсүндөгү наркологиялык бөлүмгө алып барышмак болушкан.
Нурматов көчөсүнөн унаанын артында отурган Б.М. инспекторлордун биринин мойнунан муунтуп, сөгүп, унааны токтотушун талап кыла баштаган.
Инспектор унааны токтотууга аргасыз болгон. Б.М. унаадан түшкөндө милиционер аны кайра отургузууга аракет кылган. Бирок ал талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүп, кызматтык жилетин айрып салган.
Экөө каршылык көрсөткөнүнөн улам ал жерге милициянын наряды чакырылган. Аларды Ош облустук наркологиялык бөлүмгө алып келишкен. ӨКМдин кызматкерин унаага отургузуп кетип бара жатышканда ал дагы каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, кайгуул кызматкерин бетке уруп жиберген. Инспектор М.И.ге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын мээси чайкалып, жеңил жаракат алганы такталган.
Кылмыш иш Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык) менен козголгон. ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы иште айыпталуучу катары өтүп жатат.
29-апрелде ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы, ал эми 30-апрелде мурдагы прокурор кармалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
