Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Тарбиячы Гулира Асыранова бакчадагы жетишкендиктери менен бөлүштү
Янгиликлар

Тарбиячы Гулира Асыранова бакчадагы жетишкендиктери менен бөлүштү

Май 15, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Талас шаарынын 42 жаштагы тургуну Гулира Асыранова №19 Э.Абилдаев атындагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Гулира Асыранова Талас районуна караштуу Кара-Ой айылында төрөлгөн. 1999-2000-жылдары мектепти ийгиликтүү аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география факультетин 2005-жылы аяктаган.

«2003-жылы жолдошум Чубак Мамбеталиев экөөбүз баш кошуп, 22 жылдан бери ынтымактуу жашап келебиз. 2 кыз, 2 уулдуу болуп, балдарыбызга татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып келебиз.

2005-2006-жылдан баштап география сабагынан мугалим болуп мектепте иштеп, андан кийин бала бакчага тарбиячы болуп которулгам. Мектепке чейинки балдар менен иштөө ары жооптуу, ары кызыктуу десем жаңылышпайм. Ар бир күнүбүз ар кандай кызыктарга бай.

Аруу сезими менен айырмаланган, таза жүрөк, ар кандай кыял-мүнөзгө ээ (таарынчаак, эрке, ызакор, тырышчаак ж.б.) — баёо дүйнөсү менен эч нерсени жашырбай, баарын ачык айтып, өзүнө тарткан кичинекей наристелер менен иштөө мен үчүн сыймык. Балдар менен иштеп жатып, чарчаганыбызды, ооруп калганыбызды билбей калбыз. Ар түрдүү кыялдары менен күлдүрүп, маанайыбызды көтөрүшөт. Өзүмдүн адистигимди таштап бала бакчага иштеп калганыма өкүнбөйм. Мен бакчадан өзүмдүн жолумду таптым десем болот.

Ар бир бала өзүнүн үй-бүлөсүндөгү жакшы жаңылыктарын эжекесине айтып, аябай шашалакташып, кубанычтары менен тең бөлүшүшөт. Мен балдар менен иштеп жатып бир нерсени байкадым. Биз ойлойбуз “бала кичинекей, эч нерсени али түшүнбөйт, билбейт” деп. Жок бала баарын билет, сезет. Беш кол тең эмес, ар кандай үй-бүлөдөн чыккан балдар бар. Биз үчүн бардык балдар бирдей, ооруп калса кошо кайгырып, күлсө күлүп дегендей.

Балдар менен иштеп жатып көп эле кызыктуу күндөргө туш болобуз. Бир жолу бир кызым “байпагымды таап бериңиз” деп ыйлаган. Чынында сооротолу деп абдан издедик. Апасы кечинде келгенде күлөт, “байпагын улам чечип таштап жатканынан колготкисинин ичинен кийгизип койгом” деп», – деди ал. 

Каарманыбыз азыркы учурда Талас шаарындагы №19 Э.Абилдаев атындагы бала бакчада эмгектенет.

«Ушул иштеп жаткан бала бакчам жөнүндө көп нерселерге токтолуп кетпесем болбойт. 2020-жылы 20-ноябрда официалдуу ачылышы болду.  Азыркы учурда бала бакчада 13 тайпа бар, 370 бала тарбияланып жатат. Бала бакча ачылгангандан бери көп ийгиликтерге жетишти. Бул бала бакчада дайыма тарбиячылардын кесиптик өсүп-өнүгүүсүнө жакшы көңүл бурулат. Райондук, облустук, ар кандай иш-чаралар, семинарлар жогорку деңгээлде өтөт. Ушул бала бакчада иштегенден бери “Манас таануу интеллектуалдык таймашын” 3 жылдан бери даярдап, алдыңкы орундарды алып келебиз.

“Аталар күнү”, “Нооруз”, “Энелер күнү”, “Ата-энелер мектеби” сыяктуу бир катар ачык сабактарды өткөрүп, 2023–2024-окуу жылында Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ардак грамотасына ээ болдум. Ошондой эле бала бакчада өткөрүлгөн ар бир иш-чарага активдүү катышып, мекеменин жасалгасына өз салымымды кошуп, анын өнүгүшүнө талыкпай эмгек кылып келе жатам. Аткарган иштерим жалпы жамааттын колдоосу менен бааланып, Талас шаардык профсоюзунун ардак грамотасына көрсөтүлдүм.

Эң башкысы — ынтымактуу, чыгармачыл жана креативдүү кесиптештер менен биргеликте иш алып баруу мен үчүн чоң сыймык», – Гулира Асыранова.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleДепутат Кой-Таш окуясында майып болуп калган Самат Курманкуловдун пенсиясын жогорулатууну сунуштады
Next Article Зеленский Путин менен боло турган жолугушуудагы негизги теманы атады

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.