Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Экономика министрлиги башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдарында катталган транспорт каражаттардын Кыргызстандын аймагына кириши (алып келиниши), чыгышы (алып кетилиши) жана Кыргызстандын аймагында пайдаланылышынын тартибин түшүндүрдү.
Кечээ, 14-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Эмиль Токтошев («Бүтүн Кыргызстан») Минкаб Россиядан ишеним кат менен келген унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган токтом кабыл алганын айтып, өкмөттөн бул тууралуу түшүндүрмө берүүнүн талап кылган.
Министрликтен билдиришкендей, мындай чара Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 токтому менен бекитилип, 2025-жылдын 3-майында күчүнө кирген.
Бул тартип президенттин 2024-жылдын 31-декабрындагы № УП-398 «Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана кирип-чыгып жаткан транспортко көзөмөлдү күчөтүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн аймагында чет элдик транспорт каражаттарын мыйзамсыз пайдалануунун алдын алууга багытталган.
Бул чара колдонулган транспорт каражаттарынын көмүскө базарын алдын алууга, ЕАЭБге мүчө айрым мамлекеттердин аймагынан мыйзамсыз алып келүү каналдарын жоюуга жана Кыргызстандын аймагына мурда Бурабай протоколунун алкагында (Казакстан Республикасында импорттук бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн ставкалары менен төлөө аркылуу) Казакстанга жеткирилген транспорт каражаттарын алып келүүнү болтурбоо максатында кабыл алынган, – деп түшүндүрүштү Экономика министрлигинен.
Жаңы тартиптин негизги жоболору:
- Чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын кыймылы КРнын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» мыйзамына ылайык, эл аралык каттам пункттары аркылуу гана жүзөөгө ашырылат.
 - Бардык чет өлкөлүк транспорт каражаттары тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна (ТМЭБТ) маалыматтарды киргизүү менен милдеттүү түрдө чек аралык тариздөөгө жатат. Маалыматтар издөөдө жүргөн транспорт каражаттарын аныктоо үчүн ИИМдин системаларына автоматтык түрдө интеграцияланат.
 
ТМЭБТке маалыматтарды киргизүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
а) КРнын мыйзамдарына жана жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык, транспорт каражатынын ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документ;
б) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, анын ичинде:
– каттоо (транзиттик) номуру;
– маркасы, үлгүсү;
– түрү (жеңил, жүк ташуучу);
– автотранспорт каражатынын идентификациялык номуру;
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн номуру.
Мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк транспорт каражаттарын эл аралык келишимдердин негизинде кирүүгө (алып келүүгө), чыгууга (алып кетүүгө) уруксат берилген учурда ТМЭБТке кошумча төмөнкү документтер киргизилет:
- тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугун тастыктаган документ (айдоочунун күбөлүгү);
 - ээси жок учурда аталган транспорт каражатына ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугун тастыктаган документ.
 
Кыргызстандыктарга башка мамлекетте катталган жана каттоодон чыгарылбаган (чет өлкөлүк каттоо номурлары бар) транспорт каражаттары менен Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынат.
Мындай транспорт каражаттарын Кыргызстанга алып келүүгө башка мамлекеттин аймагында каттоодон чыгарылган жана андан кийин Кыргызстанда каттоодон өткөрүлгөн шартта гана уруксат берилет.
Чет элдик жарандарга чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттары менен Кыргызстанга 6 айдан ашпаган мөөнөткө кирүүгө уруксат берилет.
Бул мөөнөт аяктагандан кийин транспорт каражаты 30 календардык күндүн аралыгында өлкөдөн чыгарылышы керек. Белгиленген мөөнөттү бузуу КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Кыргызстандын аймагында чет элдик транспорт каражаттарын пайдаланууга транспорт каражатын техникалык кароодон өткөндүгүн тастыктаган жана жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишиминин (ОСАГО) болушу шартында гана жол берилет. Бул талаптар Кыргызстандын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
Кыргызстандын аймагында чет элдик транспорт каражаттарын пайдалануу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- транспорт каражатын же чиркегичти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүк;
 - транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номурдук белгиси;
 - стикер – мамлекеттин айырмалоочу белгиси (1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын 37-беренеси);
 - техникалык кароодон өткөндүгүн тастыктаган документ;
 - транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишими (ОСАГО).
 
Экономика министрлиги Казакстанда да ушундай тартип киргизилгенин кошумчалады.
Маселен, Казакстандын өкмөтүнүн 2023-жылдын 24-ноябрындагы токтомуна ылайык, башка мамлекетте катталган (чет өлкөлүк каттоо белгилери бар) транспорт каражаттарын Казакстандын аймагында пайдалануу алардын эл аралык кыймылга катышуусунда гана мүмкүн.
Казакстан Республикасынын жарандарына, ошондой эле анын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүктөргө автотранспорт каражаттарын Казакстанда каттоодон өткөрүп, тиешелүү документтерди жана мамлекеттик номердик белгилерди берүү шартында гана башкарууга уруксат берилет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					