Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 14-май күнү Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагындагы Г.Давыдов көчөсүндө жаңы аллея пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, буга чейин аталган аймакта мал сарай жайгашып, таштандылар каптап турган. Шаар жетекчилигинин тапшырмасы менен аймак тазаланып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Бак-дарактар буталып, жаңы көчөттөр отургузулган.
Узундугу 160 метр, туурасы 11 метр болгон эс алуу жайына түнкү жарыктандыруу жана сугат системалары орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар төшөлдү. Аллеянын айланасы тосулду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					