Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Трамп Россия жана Украина сүйлөшүүсү үчүн Түркияга барбайт,
Янгиликлар

Трамп Россия жана Украина сүйлөшүүсү үчүн Түркияга барбайт,

Май 15, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияда өтө турган Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө барбайт, деп билдирди «Reuters» агенттиги америкалык аткаминерге таянуу менен.

Буга чейин Трамп жолугушууга келиши мүмкүн экенин айткан. Учурда Трамп Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө болгон сапарда жүрөт, сапар 15-майда Бириккен Араб Эмираттарында аякташы керек.

Трамп бейшемби күнү анын бош эмес экенин белгилеп, бирок зарыл болсо «өмүрлөрдү сактап калуу» үчүн графигин өзгөртүүгө даяр экенин айткан.

Анын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Трамп Стамбулга сүйлөшүүлөргө Владимир Путин келсе барарын билдирген.

Түркияда 15-майда Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрү өтүшү күтүлүүдө. Владимир Путин кол койгон документке ылайык, сүйлөшүүгө бара турган топтун курамында өзү жок экени белгилүү болду. Топту анын жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.

«Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча, Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарага учуп барган. Анын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусу пландалган. Ошол эле учурда Зеленский, эгер Путин келсе, Түркияда аны менен жолугушууга даяр экенин айткан.

АКШ тараптан Түркияга мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун барышы күтүлүүдө. Рубио 14-май күнү кечинде НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Антальяга барды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleИмамдарга ай сайын канча сом берилери айтылды
Next Article Талас облусу боюнча канча бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат?

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version