Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы 11,7 чакырым жолго асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, курулуш иштерин Кадамжай райондук №46 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 98 млн сомдон ашуун болуп, каржылоо мамлекеттик бюджеттен каралган.
Аталган жол аркылуу Өзбекстандын Шахмардан анклавынын тургундары дагы катташат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					