Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 14-майда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, деп маалымдады мэриянын басма сөз кызматы.
Стадион 5000 көрүүчүгө ылайыкталган. Жалпы аянты 15 миң 452 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана жер төлөсүнөн турат, анда 50 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай каралган.
Арена спорттук эле эмес, түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүүгө да ылайыкталган.
Учурда металл конструкцияларын монтаждоо толугу менен аяктады. Сэндвич-панелдерди орнотуу жана ички электр тармактарын тартуу иштери жүрүп жатат.
Андан ары «Алга» көп функционалдуу спорттук комплексинин курулушунун жүрүшү текшерилди.
Аймактын жалпы аянты 7,4 гектарды түзөт. Долбоордо төмөнкүлөр каралган:
- 3000 орундуу футбол стадиону;
 - эки машыгуу аянты жана спорттук аянтчалар;
 - 142 орундуу 3 кабаттуу мейманкана;
 - дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси.
 
Учурда FIFA-4 категориясындагы футбол аянтын, машыгуу аянтчаларын, унаа токтотуучу жайды жана жарык берүү системасын куруу боюнча негизги иштер аяктагандыгы кабарланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					