Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 8-11-май күндөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Советтер Союзунун Баатыры Т.Тайгараевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча 10-эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн келген 1000ге жакын жаш балбандар катышты. Ага 2008-2010 жана 2011-2015-жылдары туулган спортчулар катышты.
Бул турнирге улук машыктыруучу Руслан Атакеевдин жетекчилиги астында Жайыл районунун спортчулары да катышты.
Жыйынтыгында, Кара-Балта шаарындагы №5 мектептин окуучусу Азамат Дуулатов 48 кг салмактык категорияда биринчиликти багынтып, чемпион болду. Ал медаль, диплом жана баалуу белек менен сыйланды.
Ошондой эле, чемпиондун машыктыруучусу Руслан Атакеев акчалай сыйлык менен сыйланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					