Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 15 майда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, бул күн 2011-жылдан бери кызмат учурунда каза болгондорду эскерүү күнү катары ИИМдин атайын буйругу менен белгиленген. Эскерүүгө кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин туугандары дагы чакырылган. Иш-чарада маркумдардын арбагына арналып Куран окутулду.
Анда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы түзүлгөндөн бери 13 кызматкери милдеттерин аткарып жатып каза болушканы айтылды.
Кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жакындарынын атынан Инаят Боронов сөз сүйлөп, уулдарын унутпай жүргөн милициянын жетекчилигине ыраазычылык сөздөрүн билдирди. Маркум 13 кызматкердин туугандарына акчалай жардамдар көрсөтүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					