Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жаңы курулуп жаткан таза суу топтоочу жайдагы курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө суу топтоочу жайдын айланасын курчоо жана жерди тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, жаңы электр чубалгылары орнотулуп, суу системасын камсыздоо үчүн керектүү техникалык негиздер түзүлүүдө. Бул долбоор аяктаганда, жалпы 2000 куб метр суу өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле 2 резервуар, 2 скважина жана 3 км узундукта суу өткөрүүчү түтүк орнотулат. Бул иштин аяктоосу менен Талас шаары толугу менен таза суу менен камсыз болот.
Бул иштер 2025-жылдын күз айларында толугу менен аяктап, шаар тургундарына таза суу үзгүлтүксүз жеткирилет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					