Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Пара берүүгө шектелген жаран кармалды, деп маалымдады Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кылмыш ишине шектелип, иши тергелип жаткан аял киши милицянын шаардык бөлүмүнүн тергөөчүсүнө чай ичип коюу үчүн 10 миң сом берген. Окуя видео көзөмөлгө тартылып калган. Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен каттоого алынып, шектүү катары 1960-жылы туулган М.Б. аттуу аял кармалган. Учурда тергөө уланууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					