Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 15-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.
16-17-май күндөрү аба ырайы ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы ыктымал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					