Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – 7-13-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында математика жана информатика боюнча III эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү.
Бул олимпиадага 9 өлкөдөн — Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандан 205 окуучу катышып, Кыргызстандын намысын 8 математик, 4 информатик окуучу коргоду.
Информатика боюнча катышкан 4 окуучунун бардыгы медалга ээ болду: 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль.
Медалдардын ээлери:
- Рамазан Мананов, 9-класс, Сейтек STEM мектеби — алтын медаль.
 
Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев.
- Абдуллахан Абдирасулов, 9-класс, Ош «Сема» лицейи — күмүш медаль.
 
Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев.
- Саид Джаникеев, 9-класс, профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук маалыматтык технлогиялар мектеп-лицейи — күмүш медаль.
 
Тренери: Бексултан Алмазбеков.
- Актан Мавлянов, 8-класс, Intellect Pro мектеби — коло медаль.
 
Тренери: Медербек Осмонов.
Математика боюнча 4 окуучу медаль утуп алды: 1 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль.
Медалдын ээлери:
- Арлан Саят, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль.
 
Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу.
- Ариет Акимов, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль.
 
Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу.
- Бектен Абдувалиев, 7-класс, International School of Kyrgyzstan — күмүш медаль.
 
Тренери: Мурат Абдувалиев.
- Адилет Шакиралиев, 9-класс, Купуев академиясы — күмүш медаль.
 
Тренерлери: Шумкарбек Абдураимов, Мамат Ишматов.
- Бекнур Мажитов, 9-класс, Кадамжай «Семетей» лицейи — коло медаль.
 
Тренери: Азамат Аскаров
Катышуу сертификатын алгандар:
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					