Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-Атада Новопокровка—Сары-Жон жолундагы көпүрөнүн оңдоо иштери аяктап калды
Янгиликлар

Ысык-Атада Новопокровка—Сары-Жон жолундагы көпүрөнүн оңдоо иштери аяктап калды

Май 16, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка—Сары-Жон унаа жолундагы көпүрө оңдолуп бүтүп калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Новопокровка—Сары-Жон унаа жолундагы Чоң Чүй каналында жайгашкан көпүрө 1966-жылы салынган. Көпүрө төрт аралыгынын (пролетный) узундугу 8,4 метр Т-түрүндөгү бөлүнгөн темир-бетон устундардан турат.

«Ушул жылдын 3-май күнү болжол менен саат кечки 17:00-18:00 чамасында көпүрөнүн Новопокровка тарабындагы биринчи аралыгындагы бир Т-түрүндөгү устуну кулап түшкөн. Азыркы учурда темир-бетон устунун кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бирок бул иш убакытты көп талап кылат экен. Азыркы учурда «Бишкек-темир» компаниясы менен келишим түзүлүп, жасалып жатат жана 16-майда бүтөт. Мындан тышкары көпүрөнүн Сары-Жон тарабындагы Т-түрүндөгү беш устундан турган аралыгы кайра бетондоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Новопокровка тарабындагы устуну түшүп кеткен жагына темир-металл устуну даяр болуп келгиче тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

 

—————————–

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка жана Ленин айылдарын бириктирген Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө жараксыз абалга кептелип жабылганын жазган.

Окуя 2025-жылдын 3-майында саат 18:30 чамасында болгон.

Администрациядан билдиришкендей, көпүрөнүн авариялык абалга келишине Бишкек—Кант унаа жолунун курулушуна байланыштуу Новопокровка—Сары-Жон каттамы боюнча жүк ташуучу унаалардын кыймылы себеп болгон.

Айланма жолу

Кырдаал райондун акиминин жеке көзөмөлүндө. Окуя болгон жерде ӨКМ баш болгон жол кызматынын жана башка кызматтардын өкүлдөрү жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери иштеп жатат. Окуя болгон жерге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Эркеайым Сейитказиева да барган.

Натыйжада альтернативдүү Бишкек—Ысык-Ата—Кант унаа жолундагы көпүрө бетон блоктор менен тосулуп, Сары-Жон—Новопокровка жолу жабылып, унаа кыймылы толугу менен токтотулган. 

Транспорттун агымын камсыз кылуу үчүн Новопокровка—Туз унаа жолу аркылуу Чоң Чүй каналынын жээгин бойлой убактылуу айланып өтүүчү каттам уюштурулган. Бирок Сары-Жон—Новопокровка жолу да жабылганы белгилүү болгон.

Көпүрөнүн техникалык абалы

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, Новопокровка—Сары-Жон унаа жолундагы Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө 1966-жылы курулуп, узундугу 40 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Көпүрө ДЭП-43 балансында турат.

9-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн жана ДЭП-43 ишканасынын жетекчилигинин катышуусунда көпүрөнүн техникалык абалын текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда «Кыргызжолтрансдолбоор» мамлекеттик долбоорлоо-изилдөө институтунун адистери объектте техникалык изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Тургундардын биринин айтымында, алар көпүрөнүн авариялык абалы боюнча жергиликтүү айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылып, оор жүк ташуучу унаалар боюнча  эскертишкен. 

«Бул жол менен оор жүк ташуучу унаалар, «Хово» жана цемент ташыган унаалар өтөт. Бул боюнча биз бир нече жолу айыл өкмөтүнө кайрылганбыз», – деген тургун.

Учурдагы абал

Азыркы тапта коопсуздукту камсыздоо максатында көпүрө убактылуу жабылып, кыймылдын багыты өзгөртүлдү. Бул маселе«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө. Көйгөйдү жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүп жатат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleНарындын Дөбөлү айылында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ооруктун ардагерине белек берилди
Next Article Кара-Көлдө мыйзамсыз жерлер боюнча иштер жүрүп, курулуштар бузулууда

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.