Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мыйзамсыз ээлеп алган жерлер боюнча иш алынып барылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жана кызыл сызыкка чыккындарды тартипке келтирүү иш-аракеттери жүрүп жатат.
Буга чейин жарандарга эскертүүлөр берилген. Бирок алар ал эскертүүнү аткарбай келишкен. Бузулуп жаткан объектинин ээси өзүнүн мамлекеттик актысынан сырткаркы жерди да ээлеп алган. Тагыраак айтканда эл өтчү жолду тосуп алган.
Шаар мэри койгон тапшырма боюнча, мыйзамсыз курулуштарды бузуу, муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо иштери мындан ары да улантылат. Курулуштарды тартипке келтирүү президенттин тиешелүү жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда.
Ошондой эле шаардын көчөлөрү жуулуп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					