Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолукту.
Расмий маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнү талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн ар кандай социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.
Тараптар жакында Самаркандда (Өзбекстан) өткөн “Борбордук Азия-Европа Биримдиги” саммитинин маанилүүлүгүн белгилешти, ал соода, инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана санариптик трансформация сыяктуу тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин тастыктады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө басым жасап, өлкөнүн альтернативдик энергия булактарынын потенциалын жогорулатууга умтулуусун белгиледи. Тактап айтканда ал 100гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станцияларды куруу, ошондой эле күн жана шамал энергиясын колдонгон технологияларды активдүү киргизүү пландарын айтты.
Өз кезегинде Европа Биримдигинин атайын өкүлү Министрлер кабинетинин башчысын Тажикстан Республикасы менен, ал эми буга чейин Өзбекстан Республикасы менен чек араларды аныктоо боюнча тарыхый макулдашууга кол коюлушу менен куттуктап, бул региондогу туруктуулукту бекемдөөдөгү жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Эдуардс Стипрайс Европа Биримдигинин суу жана энергетикалык ресурстарды сактоого, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, коомду бул чакырыктарга даярдоого жана Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө багытталган мындан аркы кызматташууга жана демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
