Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдык көрүү алкагында STEM багытындагы предметтер — математика, физика, химия, биология, информатика жана география боюнча жаңыланган предметтик стандарттар иштелип чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Бул ишти Кыргыз билим берүү академиясы координациялаган. Ишке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 37 эксперт катышкан. Алардын арасында КББАнын илимий кызматкерлери, Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун адистери жана чоң тажрыйбасы бар мугалим-практиктер болгон.
Жаңы стандарттардын долбоорлору КББАнын илимий кеңешинде каралып, учурда Агартуу министрлигинин коллегиясына бекитүүгө жөнөтүлдү.
«STEM предметтеринин мазмунун жаңылоонун максаты — замандын талаптарына жооп берген жана окуучуларды реалдуу жашоого, эмгекке даярдаган окутуу ыкмаларын калыптандыруу», – деп кошумчалашты министрликтен.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
