Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 16-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалым болгондой, «Hyundai Getz» үлгүсүндөгү жеңил унаа бурулуу учурунда скутер менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен скутер айдоочусу ар кандай жеңил жаракат алган. Оор жаракат алган адамдар жок.
Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
