Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын айлык маянасы орто эсеп менен 35%га жогорулатылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүп жаткан иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, контракттык негиздеги аскер кызматкерлеринин эмгек акысын дагы 1-ноябрдан тарта көбөйтүү пландалууда.
Ал быйыл январь айынан тарта аскер кызматкерлеринин эмгек акысы менен убактылуу турак жай үчүн берилип келген акчалай компенсациянын көлөмү да жогорулатылганын кошумчалады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
