Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 15 жашында Францияга көчүп келип, отурукташып калган Камила Касымованын жашоосу
Янгиликлар

15 жашында Францияга көчүп келип, отурукташып калган Камила Касымованын жашоосу

Апрель 29, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Камила Касымова. 15 жыл мурун Франциянын Метц шаарына келе берген каарманыбыз чет өлкөдөгү жашоосу, кызыктуу окуялары жана алдыга койгон-ой максаты менен бөлүштү.

«Мен 1995-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. Апам мага мыкты жашоо жана келечек тартуулоону көздөп, мен 15 жашка чыкканда Францияга келе бергенбиз. Францияда колледжди аяктадым, ашпозчу жана бала бакча жумушчусу адистигине окудум.

Башында бул жакка көнүп кетүү оор болду. Анткени мындагы жашоо Кыргызстандагыдан бир топ айырмаланат. Муну менен катар өткөөл 15 жашым да себеп. Бул куракта адамдар менен баарлашкың келет, туруктуулукту каалайсың. Менин досторум, тааныштарымдын баары мекенде калып, күнүгө ыйлап, кайра кетким келип жүрдү. Дайым түшүнүп, колдоп келген апамдын чыдамкайлыгына чоң рахмат, кайра кайтып барбай, ушул жерде жашап калганыбызга кубанычтамын.

Өзүм карапайым үй-бүлөдөн болом. Апам үйдө самсы жана курник жасап, дүкөндөргө өткөрүп жан бакчубуз. Бирок буга карабастан биз Европага келе алдык. Эгер сизде кыял жана максат болсо, артка кадам шилтебестен, кандай гана абал болбосун ага карай барыңыз, натыйжасы көпкө узабайт.

Учурда балдарым кичинекей болгондуктан кесибим боюнча иштей албай жатам, азырынча тазалыкчы (уборщица) болуп эмгектенүүдөмүн. Турмуш жолуна 18 жашымда аттангам. Жолдошуз экөөбүз 3 баланы тарбиялап-өстүрүүдөбүз — 11 жаштагы уулум, 9 жаштагы кызым жана 1,9 айлык кызым бар», – дейт ал.

Камила айым Франция экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрү боюнча алдыда келе жатканын айтат.

«Франция Европанын эң алдыңкы өлкөлөрүнүн бири болуп эсептелет. Маданиятка жана тарыхка бай, кайталангыс пейзажы жана өзгөчө атмосферасы бар. Бул мамлекет көп жылдар бою экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрү боюнча алдыда келе жатат. Француздардын жашоосуна карап, адамдардын бул жакка көчүп келүүсүнө таң калбайсың. Бул жер чындап эле 2025-жылдын көрсөткүчтөрү боюнча жашоонун эң жогорку стандарттарынын бирине ээ, сапаттуу билим ала аласыз жана медицинасы Европадагы эң мыктылардын бири болуп эсептелет.

Француздар интеллектуалдар — өз өлкөсүнүн тарыхын жакшы билген, башка маданияттарга кызыккан жогорку өнүккөн акылы жана аналитикалык ой жүгүртүүсү бар адамдар. Француздар гурмандар — даамдуу тамакты жакшы көрүүчү жана баалоочу адамдар, жана муну четке кага албайсың.

Француздардын мыкты жүрүм-туруму бир чакырым алыстыктан көрүнүп турат. Бул жерде ар дайым, кандай шартта болбосун, ар бир адам менен учурашып, кечирим суроо жана жакшы күндү каалоо салтка айланган. Метродо бирөөнүн бутун басканыңыз үчүн алар сизден кечирим сурашат — автоматтык түрдө, анткени балдар бул адатты эне сүтү менен сиңирип алышат. Алар орой мамилени жактырышпайт жана ачык чыр-чатактардан качышат.

Бишкектеги аэропортко келгенде эң биринчи элибиздин тартипсиздиги таң калтырат. Дайым бир жакка шашып жатышкан болот, түртүнүшөт, сөгүнүшөт. Эми бул мени аябай кыжырдантып, таң калтырат. Эмне үчүн биз бардык цивилизациялуу адамдардай сабырдуулук көрсөтө албайбыз? Бизден айырмаланып, француздар жеке мейкиндикти сыйлашат», – дейт ал.

Ал Францияда кышында өтө суук эмес, жайында өтө ысык эмес болорун айтат.

«Франциядагы аба ырайы анын уюлдан жана экватордон бирдей аралыкта ыңгайлуу жайгашкандыгына байланыштуу, бул өлкөнүн климаты жалпысынан орточо деп мүнөздөлөт, тактап айтканда, Францияда кышында өтө суук эмес, жайында өтө ысык эмес. Ошого карабастан, Францияны бир нече климаттык зоналарга бөлүүгө болот. Мисалы, өлкөнүн түндүгүндө башка аймактарга караганда суук кыш жана жаан-чачындуу жай күтүүгө болот. Түштүк-батышта жай ысык жана кургак, жазы жаанчыл болот. Франциянын борбору Парижде жайы абдан ысык, бирок кышы да бир топ суук болушу мүмкүн. Өлкөнүн чыгышында жана батыштан соккон шамалдан корголгон өрөөндөрдө жайында бат-баттан күн күркүрөп, кышында калың кар жаайт. Ошентип, Франциянын климаты мелүүн деңиздик, чыгышында континенттикке өтүүчү, ал эми Жер Ортолук деңизинде субтропиктикке айланат деген тыянак чыгарууга болот», – дейт ал.

Анын айтымында, француз аялдарынын стили — классикалык-спорттук.

«Кийими жөнүндө айта кетсем, француз аялдарынын көбү ыңгайлуу кийимдерди жактырышат. Мен алардын стилин “классикалык-спорттук” деп атайт элем, үстүндө кооз классикалык көйнөк, астында джинсы шым, бутунда спорттук бут кийим (кеды). Кроссовкалар — бул таптакыр өзүнчө тема. Француз аялдары аларды абдан жакшы көрүшөт. Жөнөкөй жана ыңгайлуу. Эң кызыгы, жумушка кийип барсаң, “сен кызыктай кийинип алыпсың” деп эч ким сын такпайт», – дейт ал.

Мекендешибиз эсте калган окуясы жана алдыга койгон ой-максаты менен бөлүштү.

«Демейде баары дээрлик муңайым басышат, ар биринин көйгөйү бар, бирок бул жерде баары эле жардам берүүгө даяр, адашып калсаң, шашып калсаң да колуңдан кармап, туура жолду көрсөтүп коюшат.

Күлкүлүү жагдай, мен жаңы келгенде тил билчү эмесмин. Жолдо басып баратып, адашып калдым. Көчөдө бараткан түгөйлөр мага жардам берүүнү чечишип, алардын суроолоруна французча ооба (OUI) деп жооп бере бердим. Анткени мындан башка сөздү билчү эмесмин. Алар мага ушунчалык жардам бергиси келишти, бирок мени туура эмес жерге алып барышты. А мен аларга муну айтуудан абдан уялдым. Ошентип, ыңгайсыз абалган туш болуп, өз үйүмдү өзүм таап келгем.

Бул жакта жашап эмгектенген мекендештер көп. Алардын баары жумуш менен алек болгондуктан, кенен отуруп сүйлөшө албайсың. Келечекке бул жерден үй сатып алып, жакшы кесипке ээ болуп, көп саякаттагым келет» – деп сөзүн жыйынтыктады Камила Касымова.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleРоссияда 2 кыргызстандыкты унаа сүзүп кетти
Next Article 4 баланын апасы Айзат Жамгырчиева жолдошу менен элетте таттууларды жасап иш баштады

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.