Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 15 жыл балалуу болбогон Бурмаш Жумабаева кайсы ырым жана окуядан кийин 12 балалуу болгон?
Янгиликлар

15 жыл балалуу болбогон Бурмаш Жумабаева кайсы ырым жана окуядан кийин 12 балалуу болгон?

Май 10, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Бурмаш Жумабаева 2023-жылдын 10-май күнү 100 жашын белгилеген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы андан кабар алып, маек курган.

Ал Кең-Суу айылында 1923-жылы жаз мезгилинде туулган. 16 жашында Жылуу-Булак айылынын тургуну — Абылашым Жумабаевге турмушка чыгат. Абылашым ата Улуу Ата Мекендик согуш убагында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында аскер куралын чыгарган заводдо эмгектенген. Экөө чогуу түтүн булаткан, башынан оорчуулукту өткөргөн 15 жылдан ашык убакыт аралыгында балалуу боло албай коюшат.

Бала кезден баш кошушкан жубайлар кичи мекени — Жылуу-Булак айылына келишип, колхоз жумуштарына иштеп калышат. Бурмаш апанын кайненеси Сейилман тың чыкма аял болгон. Келини менен кышында жылуу, жайында муздак суу чыккан, бир кезде казактын кадимки баатыры — Алпамыштын энеси келип түнөп кеткен соң, баатырды төрөгөн булак чыккан үңкүргө бала сурап, түнөп жүрүшөт.

Күндөрдүн биринде Абылашым ата байбичесине: «Кызыл-Кыя шаарында бирге иштешкен досум, Каракол шаарындагы жетимдер үйүндө согушта эвакуацияланып келген балдардан каалоочулар болсо, багып алышса болот деп жатат. Сен оюңа алба, мен төрөбөй калам деп. Мүмкүн биз багып алган бала “май көтөн” чыкса, биз да балалуу болобуз», – деп сунуш киргизет.

Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, Бурмаш апа макул болот. Жетим балдар үйүнө келишсе, 1942-жылы Батыш Европадагы мамлекеттерден эвакуацияланып келген 5-6 жаштагы балдар экен. Ага чейин бир кыз “мама” деп келип, Бурмашты кучактап калат. Дене бою балкып эриген Бурмаш апа да ал кызды катуу кучактап алат. Ал Украинадан 1942-жылы эвакуацияланып келген Оля аттуу кыз болот. Тийиштүү документтерди бүтүрүп алышып, Жылуу-Булакка келишет. Бурмаштын кайненеси эчак даярданып, төрөт үйүнөн келгендей тосуп алышат. Кыз Оля — Олуя деген атты көтөрө албайт деп, Азан чакырып, молдого Канымкүл деген ысым койдурушат. 6 жашка чыкса да, 1 жашында ата-энесиз калган, согуштун каарын тарткан Канымкүлдү сары май менен оозантып, бешикке ырым-жырым кылып, айылдын байбичелерине бөлөтөт. Аны менен катар айылдын бардык тургундарын чакырып, бешик той бердирет.

Бурмаш апа өмүрлүк жолдошу менен Канымкүлдү өз кызынан артык көрүп, эч нерседен кем кылбай чоңойтушат. Канымкүл бойго жеткенде, өзү менен бирге эвакуацияланып келген казак-орус улутундагы Бектемир аттуу жигитке турмушка чыгып, 4 уул жана 3 кыздуу болушат.

Канымкүл (Оля) жана жолдошу Бектемир

Канымкүл 2017-жылы 75 жашында каза болот. Башынан зээндүү Канымкүл Украинадан туугандарын сураган жок. Кыргыздын кызы боюнча, динин, дилин жана тилин сыйлап өткөн. Анын балдары Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жашаса, небере-чөбөрөлөрү Россияда жашап иштешет. Бирок 100гө чыккан таенеси менен дайыма байланышып турушат экен.

Канымгүл чын эле май көтөн чыгып, Бурмаш апа андан кийин 12 бала төрөп, баатыр эне болду.

1947-жылы Зина аттуу кыздуу болду. Анын 3 баласы, 15 небереси жана чөбөрөлөрү бар. Зина жогорку билимдүү, кыргыз телевидениесинде иштеп жүрүп, пенсияга чыккан.

1950-жылы уулу Турганбай төрөлдү. Өмүр бою айдоочу болуп жүрүп, азыр санжыргалуу санжырачы, ардактуу эс алууда. Жубайы, ардактуу дарыгер Шакен Момбекова экөө 4 кыздуу жана 5 неберелүү болушкан.

Кызы Гүлмайрам 1951-жылы туулуп, 7 бала, 21 небере, 5 чөбөрөлүү болгон.

Уулу Болгонбай Жумабаев 1952-жылы туулган. Катардагы ЖКККБнын кызматкеринен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси даражасына чейин жеткен. Полковник чини менен пенсияга чыккан. Ал жол кырсыгынан улам каза болуп, ысымы өзү туулуп-өскөн айылы Жылуу-Булактын бир көчөсүнө коюлган. Бурмаш эне жол кырсыгынан канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калган уулунун сүрөтү өзүнүн көчөсүндө, үйүндө илинип турганы көргөн сайын өзөгү өрттөнгөнүн жашырган жок. Болгонбай 3 балалуу жана 9 неберелүү болуп, балдарынан, жада калса неберелеринен да, ата жолун улантып жүргөнүн көрүүгө болот.

Кызы Анаркүл 1955-жылы төрөлүп, 4 бала жана 6 неберелүү болгон.

Уулу Өмүрбек 1958-жылы төрөлүп, 3 балалуу, 2 неберелүү болгон.

Уулу Канатбек 1960-жылы төрөлүп, 4 балалуу, 3 неберелүү болгон.

Кызы Чынар-Зинакүл 1962- жылы төрөлүп, 2 бала, 5 небереси бар.

Уулу Муратбек 1965-жылы төрөлүп, 5 балалуу, 1 неберелүү болгон.

Уулу Кубанычбек 1967-жылы төрөлүп, 3 бала, 2 небереси бар.

Эң кичүү 12-кызы Айгүл 1971-жылы жарыкка келген. Анын 5 бала, 8 небереси бар.

Азыркы тапта Бурмаш апа 1970-жылы туулган уулу Эркинбектин үйүндө күн кечирип келет. Ал 4 балалуу, 2 неберелүү болуп, өзү кесибине байланыштуу Россияда иштеп жүрөт. Келини Бурмаш апанын батасын алып, бапестеп багып жаткан кези экен.

Абылашым ата менен Бурмаш ападан төрөлгөн 6 кыз жана 7 эркек Жумабаевдардын тукумун эсептесе, чакан бир айыл болот экен.

«Адамдын көзү, сөзү тийбесин» деген Бурмаш апа небере, чөбөрөлөрүнүн санын айтпаганы менен абысындык кылган кошунасы: «8 кыбырасы бар, жакында бешинчи муундун тукумун көргөнү турат» деп койду.

Бурмаш Жумабаева апанын 100 жашка толгон күнүнө карата жана 9-май — Улуу Жеништин 78-жылдыгы менен куттуктап, оруктун ардагерине Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Каныбек Адиев жана анын орун басары Эрмекан Дюшебаева «Түп районунун Ардактуу атуулу» наамын салтанаттуу тапшырып, белектерди беришти.

Бурмаш апанын ушул жашка чыкканынын бирден бир себеби — ал көп кыймылда болгон. Биз бала төрөгөндө, баланын кыркы чыкканча, оор жумушка салчу эмес. Жада калса жалаяктарды жууп жиберчи. Тамакты даамду жасап, көп тамак ичсең сүт болот. Эненин сүтүнө тойгон баланын дени сак болот. «Уулдун ден соолугу — улуттун ден соолугу, кыздын ден соолугу — кыргыздын ден соолугу» деп келини эмес, кызындай мамиле кылчу. Жакында бутун кокустатып эле отуруп калганы болбосо, айылдагы балдарынын, неберелеринин үйүнө барганда коноктун колу жок бекен деп идиш-аяктарды жууп жиберчи. Ай, эне бирөөлөр көрсө эмне дейт десек, колун шилтеп койчу. Дагы бир көп жашагандын сыры ушул кезге чейин табигый тамак-аштарды ичет. Бозо, кымыз, уй кымыз жасап бергенди жана ичкенди жакшы көрөт.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleПанфилов районундагы И.В.Панфиловдун эстелиги оңдоп-түзөөдөн өтөт
Next Article Давид Дагазиев дайынсыз болууда

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.