Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 17-майда таза суу болбойт, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Саат 9:00—20:00 аралыгында турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо объектилерине жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объектилерине оңдоо иштерине байланыштуу суу берилбейт.
Чектөө боло турган аймак:
– Садовая көчөсү — Шабдан баатыр көчөсү — Ч.Валиханов көчөсү — темир жол;
– 7-Апрель көчөсү — Ауэзов көчөсү — Исакеев көчөсү — Ч. Валиханов.
Ошондой эле Учкун конушу менен Учкун кичи районунда суу өчүрүлөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
