Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери — маркум Үтүр Акматов 17 жашында согушка аттанган. Аймактык кабарчы анын уулу Байышбек Акматов менен маектешти.
Өмүр баяны
– Акматов Үтүр Матиабраимович 1924-жылы Келте-Чап айылында туулган. Ал 1941-жылдын 15-сентябрь күнү 17 жаш курагында согушка аттанып, 1942-жылы 20-февраль күнү аскердик антын берет. Согушта Түндүк-Батыш фронтунда, Түштүк фронтто жана 4-Украин фронтунда катышкан. 1943-жылы 15-февраль күнү башынан, 1944-жылы 10-апрель күнү бутунан жарадар болгон. 1946-жылдын 15-декабрь күнү кичи мекенине кайтып келген. Согуштан кайтып келген соң атайын кесиптик билимге ээ болуп, көп жылдар бою бир катар тармактарда жетекчи болуп иштеп, 1985-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Байбичеси экөө 13 балалуу болушкан.
Кан күйгөн казатка аттануу
– Атам өзү көп сүйлөбөгөн киши болчу. Биз кызыгып “согуш учурундагы окуяларыңыздан айтып бербейсизби” десек, кыска-кыска эле айтып койчу. Атамдын эс-тутуму абдан жакшы болчу. Өзүнүн айтымында 1924-жылы, чычкан жылында туулган экен. Ошол учурда айылдык сельсоветтин каттоосунда 1922-жылы туулган деп катталып калгандыктан “19 жашка чыгыптыр” деп согушка чакырылып, 1941-жылдын 15-сентябрь күнү 17 жашында согушка аттаныптыр. Алгач, Токмок шаарындагы 107 атчандар дивизиясына түшүп, аскердик машыгуудан өтүптүр. Андан соң, Москва жана Коломна шаарында 3 ай артиллериялык бөлүктө 3 ай аскердик окуудан өтүп бүтөрү менен, ошол эле артиллериялык бөлүк менен Сталинград шаарын душмандардан бошотуу үчүн кан күйгөн согушка кирет. Согуш күчөп турган 1943-жылдын июль айында 4-Украина фронтуна келип, Днепр шаарына чейинки шаар жана кыштактарды душмандардан бошотушат. Атам оор артиллериялык бөлүктө орудиянын командири болуптур. Бир орудияда 5-6дан аткыч аскерлер болгон экен.
Согушта бирге болгон жердештери
– Өзүнүн айтымында, дал ушул согушта душмандар тарабынан атылган замбиректин снаряд жарылып, бирге согуш майданында жүргөн жердешим Жамангул Мадиевдин колуна снаряддын осколкасы тийип, катуу жарадар болгон. Колунан оргуштап аккан канды токтотууга жакын жерде санитар болбогондуктан, көйнөгүмдү айрып, колун таңып, аккан канды токтотком деп айтып калар эле. Мындан тышкары, Терек айылында Искен деген аксакал бар эле. Көп жылдар бою малчы болду. Атам айтып калар эле. Ал киши менен дагы согушта бирге болгом деп. Бир жолу атышуу жок, тынч эле, замбиректерди тазалап отурганбыз. Душмандар жайгашкан координатыбызды билип алышкан окшойт, бир маалда замбирек атылып, жаныбызга снаряды жарылып, анан Искендин колуна дагы осколка тийип, анын дагы колун таңып бергем деп айтып калчу.
Асмандан тараткан сары кагаздар
– Дагы бир айтып бергени бар. Биздин полктун көпчүлүгү кыргыз-казак улутундагылар элек. Согуш жаңы башталган учурунда, биздин полк токойдун ичинде жайгашкан элек. Бир убакта үстүбүздөн немецтердин самолёту айланып учуп, асмандан сары кагаздарды чачып кетишкен эле. Ичин ачсак кыргыз жана казак тилинде “согушпай, бизге өткүлө, багынып бергиле” деп жазылган үгүт кагаздары экен. Командир кагаздын баарын чогулттуруп, өрттөп салган деп айтып калар эле. Ошол кезде немецтердин курал-жарактары күчтүү болгон окшойт. Согуш жаңы башталган кезде, алардын истребителдери келип кол салганда, биздин истребителдер алардан качып, алар менен аткылашканга жетише алышчу эмес деп калар эле. Анан дагы “билимсиз, билбеген командирлер болчу” деп кеп кылып калчу. Чытырман токойдун жанындабыз дейт. Командир замбиректерди токойдун арасындагы ачык жайык жерге жайгаштырып, кайра токойдон бак-дарактарды кырктырып келип, жашырчу деп. Андай кылбай эле, чытырмак токойдун ичине деле сүйрөп киргиздирип койсо болот эле да деп күлүп калчу.
Атамдын аскердик чини ага сержант болуптур. 1944-жылдын 10-апрель күнү Крымдагы болгон согушта сол жамбашынан жарадар болуп, Кисловодск госпиталына жатып, 6 ай дегенде араң айыгат. Айыккан соң, резервдеги аскердик запастык бөлүккө которулат. Андан кийин, Грузиядагы артиллериялык бөлүктө орудиянын командири болуп жүрүп, Жеңиш күнүн ошол жерден тосуптур. 1946-жылы Свердловск шаарында 40-танкалык окуу жайын окуп чыгат. 1946-жылдын декабрь айында кичине мекени Келте-Чапка кайтып келет.
Согуштан кийинки жылдары
– Атамдын согуштан келгенден кийинки эмгек жолу шыр кетет. Келгенден кийин, алгач колхоздо эсепчи, 1950-жылы Келте-Чап менен Терек колхозу бириктирилип Калинин колхозу уюштурулган да кой-товар фермасынын төрагасы болуп эмгектенет. 1955-1957-жылдары Кант шаарында чарбалардын жетекчи кызматкерди даярдоо курсунда 3 жыл билим алат. Андан кийин Калинин колхозунда ферма башчысы, башкарманын төрагасы, Жданов колхозунда башкарманын төрагасынын орун басары болуп 6 жыл эмгектенет. Андан кийин, турак-жай курулушунда бригадир жана агроном болуп 3 жыл, Пионер айылында малды тез семиртүүчү өнөр-жай комплексинин Ак-Талаа бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жүрүп, 1985-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
2008-жылдын 24-январь күнү жарык дүйнө менен коштошкон. 1944-жылы 24-мартта «За отвагу» медалы, 1945-жылы «За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.» медалы менен сыйланган. Мындан тышкары,бир катар наамдар жана сыйлыктар ыйгарылган.
Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) Кыргызстан (ошол учурдагы Кыргыз ССР) болжол менен 360 миңден ашуун адамды фронтко жөнөткөн. Бул ошол кездеги республиканын жалпы калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү болгон. Алардын ичинен болжолдуу 100 миңге жакыны согуштан кайтпай калган же дайынсыз жоголгон.
«За отвагу» медалы («Эрдиги үчүн» медалы) — СССРдин эң жогорку даражадагы жоокердик медалдарынын бири болгон. Медаль 1938-жылы негизделген. Ал жоокерлерге, сержанттарга, кенже офицерлерге жана кээде жарандык адамдарга да ыйгарылган. Бул медаль өзгөчө жеке эрдикти жана тайманбастыкты баалоо үчүн берилчү, жамааттык ийгиликтер үчүн эмес.
«За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.» («Германияны жеңгени үчүн») медалы — Советтик Армия, Флот жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыйгарылган мамлекеттик сыйлык болгон. Ал 1945-жылдын 9-майынан кийин, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке байланыштуу берилген.
Медаль төмөнкү шарттарда берилчү:
-
- Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө Германияга каршы куралдуу кагылышууларга катышкан Кызыл Армиянын, Флоттун, НКВД аскерлеринин жоокерлерине.
- Согуш маалында аскер бөлүктөрүн жетектеп, согуштук операцияларга катышкандарга.
- Согуш мезгилинде кызмат өтөп, бирок согуш аяктагандан кийин да армиянын катарында калган аскерлерге, алар Германияны жеңүүгө түздөн-түз катышкан болсо.
Бул медаль массалык түрдө ыйгарылып, 1945-жылдан кийин миллиондогон жоокерлерге тапшырылган. Ал ар бир аскердин эрдигин жана Улуу Жеңишке кошкон салымын тастыктаган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
